Камчыбек Ташиев Манас шаарындагы мектептерге 100 интерактивдүү доска тапшырды

Бүгүн, 11-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаарындагы мектептерге 100 интерактивдүү доска тапшырды.

Иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Байзаков жана мектеп директорлору катышты. Ташиев интерактивдүү доскалар окуучулардын билим сапатын жогорулатууга жардам берерин белгилеп, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Ошондой эле шаарда дагы 10 жаңы мектепке муктаждык бар экенин, бул маселе жакынкы үч жылда чечилерин билдирди. Манас шаарында учурда 29 мектеп жана 31 бала бакча иштейт.