Камчыбек Ташиев: «Матраимов бюджетке 200 миллион доллар төлөп чыкты»

Бүгүн, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев «Райым Матраимов эмнеге түрмөдөн чыкты, бюджетке акча төлөдүбү?” деген суроо узатты.

«Ооба, Матраимов 2 күн мурун үй камагына чыкты. Матраимов кармалганда 3 кылмыш ишин козгогонбуз. Биринчи, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү. Экинчиси, бейбаштык. Үчүнчү, кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу. 8 ай тергедик, 2 күн мурун чыгардык. Райым Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 миллион доллар төлөп, анан чыкты. Буга чейин 2,5 миллиард сом төлөгөн. Жалпысынан Матримов бюджетке 19,5 миллиард сом төлөдү. Анын баарын накталай төлөгөн жок, мүлкү менен да төлөдү. Мүлкүнүн баарын экспертизадан өткөрүп, баалап, арзан баада кылып алдык. Жакында сот болот. Ошого жараша күнөөсүн тартат”, — деди Ташиев.