Камчыбек Ташиев бүгүн иш-чарага балдак менен барды

Бүгүн, 23-февралда Кыргыз улуттук филармониясында Мекен коргоочулар күнүнө карата “Карегимде мекен чеги” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган аземге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы жана башка коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев жалпы мекен коргоочуларын майрамы менен куттуктап, өлкө тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн ак дилден кызмат өтөөнү уланта берүүсүн каалады. Ошондой эле Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим кылып, алардын жакындарына ыраазычылыгын билдирди. Төрага баатырлардын эрдиги эч качан унутта калбасын кошумчалады. Аталган иш-чара 2022-жылы Баткендеги чек ара жаңжалынан каза тапкан жоокерлерди эскерүү максатында уюштурулган.

Иш-чаранын катышуучулары УКМКнын төрагасынын балдакчан болгонун жазышты. Буга чейин Камчыбек Ташиевдин сүрөтү тарап, андан соцтармактын колдонуучулары балдак турганын байкашкан болчу.