Камчыбек Ташиев: “Мен дүйнөдөн өткөндө сөөгүмдү ата-энемдин жанына койгула деп айтып келем”

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 100 гектар жерге көчөт отургузуу иш-чарасына катышкан.

Тигилген көчөттөрдүн толук жетилиши үчүн 100 гектар жер толугу менен тосмолонгон. Төрага адырдагы мүрзөгө ата-энеси, туугандары коюлганын, керээзи бар экенин айтты.

Бул жерде атам, апам, агаларым жатат. Акыры барып, ушул жерди жердеп калабыз. Бишкекте отуруп, сүйлөшүп калганда “мен дүйнөдөн өткөндө айылга алып барып, ата-энемдин жанына койгула” деп айтам. Балдарымдан да ушуну суранам, “Жок, мамлекетке кызмат кылгандардын мүрзөсү бар” дешет. Адам өлгөндөн кийин сүйлөй албайт, керээз болуп калсын дейм”,- деди ал.