Камчыбек Ташиев: «Мен эч качан чет жакка чыгып эс алган эмесмин»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин чет өлкөгө эс алууга кеткенин төгүндөп, чет жакта эс албай эле иштеп жатканын билдирди.

«Соцтармакта жалган маалымат тарата беришет. Ага эл ишенбеши керек. Мына, 2-январда мен Сузак районунда турам. Президенттин атынан милицияга автоунаа тапшырдык. Иш токтогон жок. Мен эч качан чет жакка чыгып эс алган эмесмин. Андай адам эмесмин. Чет жакка жумуш менен же ден соолукка байланыштуу барабыз», — деди ал.