Ташиев Баткен, Жалал-Абад, Ошко барып, чек ара боюнча түшүндүрүп берет. Жолугушуу графиги

Өкмөттүк делегациянын башчысы — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинини жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, түшүндүрүү иш-чараларынын планына ылайык, өкмөттүк делегация башчысы жана атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын чектеш аймактарына барышып, анда калк менен жолугушуу өткөрүп, кол коюлган протоколдун жыйынтыктарын кеңири түшүндүрүп беришет.

Планга ылайык, 30-мартта саат 11:00дө Бирлик айыл аймагынын административдик имаратында Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айылынын жергиликтүү калкы менен «Чечме» участогу боюнча жолугушуу өтөт.

Ал эми ошол эле күнү саат 17:00дө Өзгөн райондук административдик имаратында Кемпирабад суу сактагычы боюнча Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун калкы менен жолугушуу өтөт.

31-мартта саат 14:00дө Ала-Бука райондук административдик имаратында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү калкы менен тилкелер боюнча жолугушуу өтөт.

25-мартта эки республиканын өкмөттүк делегацияларынын кеңешмесинин жүрүшүндө жыйынтык Протоколго кол коюлган, ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер территорияларды алмашуу принциби боюнча макулдашуу процедурасынан өткөн.