Путин: «Азыркы шарттар КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын тыгыз кызматташуусун талап кылат»

«Азыркы шарттар КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын тыгыз кызматташуусун талап кылат». Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин билдиргенин «Регнум» жазды.

Бүгүн, 30-сентябрда Путин КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук жана чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринин 18-жыйынынын катышуучуларын куттуктады. Анда ал глобалдык кризистин, эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүү шартында КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын кызматташуусу өзгөчө талап кылынат.