«Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасында билдирүү жарыялады.
«Урматтуу кыргызстандыктар! Бизнесмендер, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз.
Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо, инвесторлордон акча алып жүргөнү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алганы аныкталып жатат.
Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор, УКМКга кайрылгыла. Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып, кимдир бирөөлөрдү коркутуп, акча алгандарды да жазалайбыз. Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт», — деп жазылат билдирүүдө.