Камчыбек Ташиев Ноокат жолу бүтпөсө, 1-сентябрда транспорт министри иштен кетерин айтты

«Ноокат жолу 1-сентябрда бүтүшү керек». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Ноокат жолу 31-августка чейин бүтүшү керек. 1 ай 12 күн калды. Эгер бүтпөй калса 1-сентябрда арыз жазасыз. Экөөбүз сүйлөшкөнбүз», — деди Ташиев транспорт министри Тилек Текебаевге. 

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ноокат автожолундагы жолдун курулушун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алган. Садыр Жапаров быйыл жазда капиталдык оңдоону баштап, күзгө бүтүрүүгө тапшырма берген.