Камчыбек Ташиев ооруп жаткан мугалимге 500 миң сом берди

Камчыбек Ташиевге Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Ош Мамлекеттик университетинин мугалими Алтынбек Маликов аттуу жаран каржылык жардам сурап кайрылган.

Алтынбек Маликов ден соолугун калыбына келтирүү үчүн чет өлкөлүк клиникаларга барууга мажбур болуп жатканын, дарты боор циррозу деп такталганын жазган. Каражат жетишсиздигинен улам, каржылык жардам көрсөтүүсүн суранган.

Бүгүн, 24-сентябрда Камчыбек Ташиев Алтынбек Маликовго 500 миң сом өлчөмүндө каржылык колдоосун тапшырды жана ага алдыдагы операцияларын ийгиликтүү өтүшүн тиледи.