Камчыбек Ташиев Орок айылында курулуп жаткан стадионго барды (сүрөт)

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Орок айылында курулуп жаткан стадиондун аймагына барып, курулуштун жүрүшүн текшерип, инфратүзүмдүк объект тууралуу журналисттерди кызыктырган суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

КФБ жетекчиси 45 миң кишилик стадиондун курулушу эки жылда бүтө тургандыгын билдирди. Ал эми, бул жылы КФБнын жана Кыргыз Республикасынын футболду өнүктүрүү фонду, мэриялар, аймактык башкаруу органдарынын көмөгү менен он эки стадион реконструкциядан өтүп, эки жаңысы курулат.