Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолунда иштин жай жүрүп жатканын айтты

Бүгүн, 22-июлда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат-Раззаков жолундагы абал менен таанышты. Жеринде Камчыбек Ташиевге Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев маалымат беришти.

Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолунда иштин жай жүрүп жатканын белгилеп, октябрь айынын аягына чейин курулуш иштерин бүтүрүү милдетин койду. Иш сапардын алкагында УКМКнын төрагасы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын арыз, сунуштарын укту. Маселелерди чечүү жагын жана жол курулушунун сапатын өз көзөмөлүнө алаарын айтты. Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, жетекчилерди таза иштөөнү, коюлган тапшырмаларды так аткарууну белгиледи. Мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланып, сапаттуу жумуш аткарылбаса катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.