Камчыбек Ташиев: «Өзбек тарап компенсация катары 1000 гектар жер берди»

Өзбек тарап компенсация катары 300 гектар жер бериши керек эле. Бирок 1000 гектар жер берди. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Кемпир-Абад суу сактагычынын аянтты болгону 5 735 гектар болчу. Суу толгондо ошончо болмок. 900 деген горизонталга жеткенде суу сактагычтын аянты кыскарды. Ошол жерден 1300 гектар жер Кыргызстанга өттү дагы, ошондо 4400 гектар жер суунун үстүндө калды. Бирок Өзбек тарап бизге ушуга чейин 1973-жылы компенсация катары 4100 гектар жер берген. Демек дагы 300 гектар берилиши керек болчу. Бирок компенсация катары 1000 гектар жер алдык. Өзгөн, Сузак районунун жерлеринен», — деди ал.

Мындан тышкары, суу жээкте жашаган жарандарда суу каптамай деген маселе жаралбарын убадалады.

«Эгерде мурда суунун чөйчөгү толуп, жээкке жакын жашаган үйлөргө суулар тепке учурлар болбойт. Себеби, мурда ал 908 менен каралчу эле, азыр 900 менен каралат. Мындан ары суу жээкке чейин чыкпайт», — деди ал.