Камчыбек Ташиев: «Өзбекстандан Чоң-Сайдагы 19,2 миң гектарды толугу менен кайтарып алабыз»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун Чоң-Сай (Гавасай) жергесиндеги тургундар менен жолугушуу учурунда Өзбекстандан Чоң-Сайдагы 19,2 миң гектарды толугу менен кайтарып аларын билдирген. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

«Жергиликтүү жашоочуларга кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын акыркы жолугушуусунда жетишилген макулдашуусу тууралуу толук маалымат берилди.

Чоң-Сай тургундарын кызыктырган суроо-талаптарга жооп узатылды. Чогулган эл: Чоң-Сай (Гавасай) аймагынан Өзбекстан тараптан алынган 8000 гектар жер тилкесин дагы көбөйтүүнү, тагыраагы мурда Кыргыз бийлиги тарабынан Өзбек Республикасына өткөрүп берилип кеткен 19200 гектар аянтты кайтарып алууну суранышты.

Камчыбек Ташиев бул маселе боюнча толук маалыматы бар экенин жана айтылып жаткан 19200 гектар жер тилкесин кайра Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер жасала турганын айтты. Аны үчүн тийиштүү иштер сөзсүз түрдө жүргүзүлөөрүн баса белгиледи.

Жергиликтүү жашоочулар Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, чек ара маселесин чечүү аракетин толугу менен колдоого алышты. Эл менен бирге ар бир маселеге көңүл буруп жатканына ыраазычылык билдирип, ак бата берип, жыйын жыйынтыкталды»,— деп жазды ал.

Өткүрбек Рахманов — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы.