Камчыбек Ташиев: «Өзгөндөгү оорукананын абалы адам ыйлагыдай экен»

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндөгү оорукананын абалы өтө начар экенин айтты.

«Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөн шаарынын ооруканасына барып келдим. Оорукананын абалы өтө оор экен. Көптөгөн жылдардан бери оңдолуп-түзөлбөй, адам ыйлагыдай абалга келип калыптыр. Ошондуктан Өзгөн шаарына жаңы оорукана курабыз»,- деди ал.