Бүгүн, 24-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон районунун Акман айылынын 25 жаштагы тургуну Сыймык Алмазбек уулуна туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен паспортун берди. Бул тургун ушул кунгө чейин аты-жөнүн тастыктоочу документтерин ала албай жүргөнүн айтып, Камчыбек Ташиевге кайрылган болчу.
Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу документтерге ээ боло албай келген Сыймык Алмазбек уулунун эми аты-жөнүн тастыктоочу документтери колуна тийди. Камчыбек Ташиев ага мындан ары ак эмгектенип, жашоосун жакшы өткөрүүгө аракет кылуу керектигин айтып, ийгиликтерди каалады.