70 жаштагы пенсионердин камалышы. «Дүрбөлөң салгандарды жоопко тартабыз» деди Ташиев

«70 жаштагы пенсионер апаны камап коюптур» дешүүдө. Эгер мыйзамды буза турган болсо, 70ке чыгабы, 90го чыгабы же 18-20 жашта болобу, мыйзам алдында баары бирдей. Жооп берүүгө милдеттүү». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Коомду дүрбөлөңгө салып, бир нече жалган маалыматтарды таратышууда. Апа Таш-Көмүрдөн болсо, бирөө Кочкор-Атадан экен. Видеолорду тартышып, мамлекеттеги жакшы жерлерди коюшуп, «мына ушул жерлер сатылып кетти, сатып жиберишти» деп коомго дүрбөлөң салышууда. Коомго дүрбөлөң салгандарды жоопко тартабыз. Пенсионер да, студент да, баары бирдей мыйзамга баш ийиши керек», — деди ал.

Социалдык тармактарга пост жазганы үчүн кармалган 75 жаштагы пенсионер Салия Таштанова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук сотунан билдиришкен.