«Бул чечимге келүү өтө кыйын болду. Уруш талаш болду, кайгыны көрдүк. Бирок ошонун баарын жеңип, душманың менен бир столдо отуруп, ошол маселени тынчтык жол менен чечүү өтө оор болду», — деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында.
«Биз иштеп жатканда баарыңар колдоп, кубаттап турдуңуздар. Мен ыраазычылыгымды Садыр Жапаровго билдирип кетким келет. 4,5 жыл мурун келгенде эле «Биз чек араны бүтүрүшүбүз керек» деп айткан. Ортодо кайгылуу окуялар болуп кетти. Ошондо бир нече жолу президенке кайрылып, «Мен ушуну чече албайт окшойм, чечпей эле коёюн, башка адамды коюңуз» десем, «жок, өзүң чечесиң, экөөбүз чечебиз» деп мени алдыга сүрөп отуруп, акыркы чечтик. Президент бүгүн чакырып, кызматтан кет десе, ыраазы болуп кете берем», — деди төрага.