Камчыбек Ташиев реабилитациялык борбордогу балдарды куттуктап, белек тапшырды (сүрөт)

Бүгүн, 27-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Бирге ден соолук» коомдук фондунун алдындагы «Нур+» реабилитациялык борборунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарада УКМК башчысы аталган мекеменин жалпы кызматкерлерин жана балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. Андан соң УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан борбордун материалдык базасын жакшыртууга 500 миң сом, балдарга таттууларды, оюнчуктарды тапшырды. Өз кезегинде реабилитациялык борбордун жетекчилиги УКМКнын жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын аркасы менен 2021-жылы имараттарды ижарага алууга 1 миллион сом, 2022-жылы 500 миң сом берилгендигин айтты.