«Ачык айтыш керек, иштин башында президент Садыр Жапаров турду»,- деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин биргелешкен комитет жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берип жатып.
«Себеби, ал чек араны ар бир метрине чейин билет. Мен ал киши менен ар бир метр жерди талкуулап, чечип жаттык. Комиссиянын ишин токтотуп коюп, келип Садыр Жапаров менен такташкан учурлар болуп жатты. Президент Садыр Жапаровдун саясий эрки болбогондо чек ара маселеси чечилмек эмес», — деди төрага.