Камчыбек Ташиев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылган келинге жардам берди

Кечээ, 26-сентябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинде “3 күндөн бери 3 балам менен бекетте түнөп жатам” деген келин жардамга муктаж экенин айтканы кабар болуп жарыяланган. Бүгүн, 27-сентябрда ал келинди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кабыл алды.

Кубанычбек кызы Кымбаттын айтуусу боюнча ал 1996-жылы туулган. Жети жашына чейин апасынын колунда, атасыз чонойгон. Бала кезинде апасы экөө Бишкекте жана Казакстанда жашашкан. 7 жашында апасы Сокулук айылындагы баласы жок үй-бүлөгө асырап алганга таштап кеткен жана ал жерде 2011-жылга чейин ата-энеси жок он чакты өзү курактуу балдар-кыздар менен чогуу тарбияланган.

2011-2023 жылдары Казакстанда ар түрдүү жумуш кылып иштеген. Чогуу тарбияланган жигитке турмушка чыгып, 3 балалуу болушкан (2, 4, 5 жашта). Жолдошунун кургак учук оорусунун жугуштуу түрү менен ооруп калгандыгына байланыштуу ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга кайтып келишкен. Августтун башында жолдошу каза болгон. Азыркы маалда Киев жана Үмөталиев кесилишинде убактылуу жашап, финансылык кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Ташиев маселелерин чечүүгө жардам берерин убада кылган, ошондой эле материалдык жардам көрсөткөн.

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Наргиза (документ боюнча Кымбат) Кубанычбек кызы кайрылып, 3 баласы менен автобекетте жашап жатканын билдирген. “Өзүмдүн ден соолугумдан мүмкүнчүлүгүм чектелген. Рак илдетине чалдыккам. Жолдошум экөөбүз тең балдар үйүндө чоңойгонбуз. Казакстанда мал багып иштедик. Жолдошум кургак учук менен ооруп калганда, 20 миң сом берип жөнөтүштү. Жолдошум каза болду. Өлүкканадан сөөгүн ала албай калдым. Бирок кайсы жерге бергенин көрсөтүштү. Мечитте жашап жүрдүк, 10 күндөн кийин чыгарып коюшту. Бүгүн 3-күн ушул жердебиз. Кичүү балам сасык тумоолоп ооруп жатат. Даараткана жууп, кайрымдуу адамдар тамак берип, жашап жатабыз”, — деген ал.

Редакция келин менен байланышканыбызда, бүгүн жолукканын тастыктады.