Камчыбек Ташиев SEREPTV’нын каарманына 3 бөлмөлүү үй белек кылды (сүрөт)

Буга чейин SEREPTV телеканалы 11 баланын апасы Аксана Ташматованын жашоосун баяндаган. Ал Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде таштанды полигонунун айланасында жашап жаткан. “Эки бөлмөгө баарыбыз батып алабыз. Жолдошум унаа токтотуп иштейт. Балдар биринин кийимин бири кийип чоңоюп жатышат” деген ал 11-баласынын атын Ташиевдей эл адамы болсун деп Камчыбек койдук” деген.

Бүгүн, 24-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардам сурап кайрылган дал ушул үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү жер үйдүн ачкычын тапшырды. «Аталган үй-бүлө социалдык жактан көмөккө муктаж болуп, Ташматованын жолдошунун тапкан акчасы күнүмдүк тамак-ашка гана жарап турганын айткан. Көп жылдан бери батирлеп жашап жүргөн үй-бүлөгө Камчыбек Ташиев үйдүн ачкычын жана балдарына баалуу белектерин тапшырып, аларга ден соолук жана жаркын келечек каалады», — деп айтылат маалыматта.