Камчыбек Ташиев: «Сох анклавына коридор берүү маселеси боюнча сөз да болгон эмес»

Сох анклавына коридор берүү маселеси боюнча сөз да болгон эмес. Болушу да мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөрүү пункттарынын ишин жөнөкөйлөштүрүү маселеси гана каралган. “Сох маселеси боюнча дагы бир жолу айтайын. Анклавга кандайдыр бир коридор берүү боюнча эч кандай сөз болгон эмес. Болушу да мүмкүн эмес. Сохко өтүп жаткан өткөрүү пункттарынын ишин гана жөнөкөйлөштүрүп, элди кыйнабай өткөрүп, шарт түзүп берүү маселеси каралган”, — деди ал.

Мындан тышкары, Ташиев чек ара маселесин чечүүдө жылыштар болорун убадалады. «Бүгүнкү күндө чек ара маселесин чечүү бир гана биздин мамлекетке эмес, коңшу мамлекетке да керек болуп турат», — деди ал.