Камчыбек Ташиев соодагерлердин ККМге каршы митингдери тууралуу үн катты

Бүгүн, 6-декабрда УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Ага төрага Камчыбек Ташиев катышып, соодагерлердин ККМге каршы митингдери тууралуу үн катты. 

«Өлкөдөгү ири соода-базар комплекстерине эң бай адамдар ээлик кылышат. Алар мындан өтө чоң көлөмдө пайда табышат. Соодагерлер ижара акысына чоң каражат төлөп жатканына карабастан, көп базарларда аларга элементардык шарттар түзүлгөн эмес. Ошондуктан, соодагерлердин кыйынчылыктарын азайтуу үчүн ижара акысы жок дегенде эки эсе азайтылышы кажет. Мындан тышкары, ККМ аппараттарын сатып алууга чамасы жок чакан ишкерлер аппараттар менен бекер камсыз болушу кажет. Азыр айрым күчтөр социалдык-экономикалык маселелерди саясатка айландырууга аракет жасап жатышат. Элиме айтаарым, мындай чагымчылыкка алдырбаңыздар. Себеби, бул чагымчылар ким экенин биз жакшы билебиз жана аларды мыйзам жүзүндө жакын арада жоопкерчиликке тартабыз!» — деди ал.