Камчыбек Ташиев: «Спикердин сөзүнөн кийин президент да өз оюн билдирди. Демек, маселе олуттуу экен»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин тил маселесине байланыштуу билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул маселенин тегерегинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин пикирин Илязбек Балташев сураганы соцтармакта жарыяланды.

«Спикердин парламенттин трибунасынан айткан сөзүнөн кийин коомчулукта ар кандай пикирлер пайда болуп, колдогондор, каршы болгондор болуп, бөлүнө түштү. Бүгүн эле президентибиз Садыр Нургожоевич да өз оюн билдирди, демек, маселе олуттуу экен.

Албетте, тил маселесине келгенде терең ойлонуу менен мамиле кылышыбыз кажет. Мен ачыгын айтайын, кыргыз тилин өнүктүрүү же сактап калуу үчүн башка тилдерди коомубуздун күнүмдүк турмушунан азайтуу — адашкан пикир. Себеби, башка тилдер болбосо кыргыз тили да өнүкпөйт. Биздин келечек муун кыргыз тили менен эле бирге башка тилдерди да шар билиш керек. Анткени, ошол башка тилдер аркылуу дүйнө тааныйт, билимдүү болот жана башка өлкөлөрдөгү өнүгүп жаткан жаңы технологияларды биздин өлкөгө алып келишет. Ошонун негизинде мамлекетибиз тышкы цивилизациядан артта калбай өнүгөт. Мисалы, жеке өзүм боюнча айтсам, бүгүнкү күндө бир нече жылдан бери өзүмдүн жанымдан эки мугалимге кошумча айлык акы төлөп, орус жана англис тилдерин айылдык балдарга үйрөтүп, сабак берип келебиз. Максатым — айылдык балдар дагы башка тилдерди билип, дүйнө жүзүн тааныса экен дейм. Өзүм мектепти бүткөндөн кийин Орусияда университетти аяктадым, жаңы барганда тилден өтө кыйналгам. Ошондуктан орус тили биздин келечек муун үчүн өтө маанилүү. Спикерди бул маселеде колдой албайм. А кыргыз тили эне сүтүбүз менен каныбызга сиңип калган, өмүр өткөнчө унутпайбыз буюрса», — дейт Камчыбек Ташиев.

Журналист «Спикердин «арабдашып кеттик, балдарыбыздын аттарын кыргызча коёлу» деген пикирине эмне дейсиз?» деген суроо узаткан. «Биз мусулман калкпыз, ушуну дагы эстен чыгарбоо керек. Негизинен жарашыктуу кыргыз мусулман аттары эң сонун, мисалы — Камчыбек», — деп жооп кылды УКМКнын төрагасы.