Камчыбек Ташиев спорттук колледжге барды (сүрөт)

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжине барды.

Алгач УКМК төрагасы курулушу жүрүп жаткан РСКнын жазгы футбол аянтчасынын абалы менен таанышып, аталган жерге заман талабына жооп берген кошумча шарттарды түзүп берүүнү убадалады. Аны менен катар колледждин айланасындагы эс алуу паркында да жашылдандыруу иштерин жүргүзүүгө жана эски футболдук талааны реконструкциялоого (чуркоо жолуна резина төшөө жана шиверди жаңыртуу) боюнча көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады.

Андан соң, Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин окуучулары жана эмгек жамааты менен баарлашып, жаш спортчуларды мекенди сүйүүгө, спорт тармагында көптөгөн ийгиликтерди жаратуу үчүн тынымсыз аракет кылууга чакырды. Ошондой эле, Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде учурда спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, спортчулардын машыгуусуна тийиштүү шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Мындан улам, аталган спорттук колледжи да унутта калбасын белгиледи. Аны менен катар, Ташиев РСКнын кызматкерлерине МИК аркылуу үй алууга жардам берээрин айтты.

Өз кезегинде РСКнын эмгек жамааты колледждин машыгуу залына окуучулар батпай жаткандыгына байланыштуу, кошумча спорт комплексин куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышты, анын негизинде Ташиев коллежге кошумча грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча машыгуу залын дагы куруп берүүнү убадалады.