Камчыбек Ташиев: «Студент болуп келип, сойкулук менен алектенип кетип жаткан кыздар көбөйдү»

«Студент болуп келип, сойкулук менен алектенип кетип жаткан кыздар көбөйдү». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Ата-энелерге биз айтпаганда ким айтат? Акыркы маалда биздин кыздарыбыздын жүрүм-туруму бузулуп кетти. Айрыкча студент кыздардын. Айылдан студент болобуз деп келип, сойкулукка кирип кетип жатышат. Сыртынан карасаң, жөнөкөй эле үлпөт салон, ичинде кирсең 30дан ашык кыз. Ичинде баары чет өлкөнүн эркек жарандары. Ичкен-жегенин айтпай эле коёюн. 30 кыздын 98 пайызы студент экени аныкталды. Бул бир эле жерден тапканыбыз. Ушуга көңүл бургула. Кыз улуттун келечеги», — деди төрага.