Камчыбек Ташиев Сузак РИИБнин жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды

Бүгүн, 24-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ИИМдин Сузак райондук бөлүмүнүн жаңыланган имаратынын ачылыш аземине катышты. Аземге ички иштер министринин орун басары, ардагерлери жана өздүк курамы да катышты.

Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып: “Укук коргоо органдары ар дайым элдин коргоочусу болуп, сый-урматка татыктуу болушу керек. Аны үчүн сиздер өзүңүздөр баш болуп мыйзамды сыйлап, тартиптүү болушуңар кажет. Ошондо башка жарандарыбыз дагы сиздерди сыйлап, үлгү алып, мыйзамды сыйлайт. Президент Садыр Жапаров өлкөбүздөгү бардык район-шаарлардагы милиция бөлүмдөрүнүн имараттарын жаңылап, тийиштүү материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу тапшырмасын койгон жана биз муну кыска аралыкта аткарабыз. Сиздер өз милдетиңерди таза, берилгендик менен аткаргыла, кылмышкерлер менен татыктуу күрөшкүлө, калган шарттарды мамлекетибиз түзүп берет”, – деди.

Сузак райондук милициясында жаңы администартивдик имарат, спорт залы, ашканасы, унаа токтотуучу жайлары курулган жана башка тийиштүү заманбап шарттар толугу менен түзүлдү. Мындан сырткары, райондук бөлүмдүн алдына жарандар үчүн аллея да курулду. Камчыбек Ташиев жаңыланган имаратты көрүп чыгып, кызматкерлерге мындан ары да татыктуу кызмат кылууга, эң негизгиси – мыйзамдуулукту так сактоону эскертти. Ошондой эле, Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун Сузак райондук милициясына белек кылган 5 жаңы автоунаанын ачкычтарын тапшырды.