Камчыбек Ташиев: «Тажиктер такталбаган жерге кирип, өздөштүрүүгө аракет кылып жатышат» (видео)

Ош облусунда Чоң-Алайдын Унжу-Булак жергесиндеги кыргыз-тажик чек арасы тактала элек болгонуна карабастан тажик тарап ал жерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев окуя болгон жерге барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууда айтты.

“Унжу-Булак, бул жердеги 1100 гектар жер боюнча… Бул тактала элек, аныктала элек жер. 1924, 1989-жылдагы карталар боюнча бул тилке аларга тийиштүү деп эсептешет. Бирок биз аны бүгүнкүгө чейин тактала элек жер экенин айтып тааныбай келебиз. Такталган өзүбүздүн аймакка пост койгонбуз. Тигилердин постунан бери жагы тактала элек болуп жатат. Бирок булар акыркы маалда тактала элек жерлерге кирип, өздөштүргөнгө аракет кылып жатышат”, — деди ал.

Камчыбек Ташиев тажик тарапка жогорудагы тилкенин тактала электиги түшүндүрүлүп келгенине карабай жерге контейнер орнотулганын айтты. «Биздин пост менен алардын постунун ортосундагы жер да такталган эмес. Бирок жакында эле алар тарабынан тактала элек аймакка кирүүгө аракеттер жасалып, жерди өздөштүрмөкчү болуп жатышат. Бүгүн да ушундай болду», — деди ал.