Камчыбек Ташиев Талас облусунун аксакалдары менен жолукту (сүрөт)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Талас облусунун аксакалдары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууга Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аксакалдары барышкан.

«Бул жолугушуунун катышуучулары азыркы өкмөттүн жана жеке Ташиевдин ишмердүүлүгүнө карата жакшы пикирлерин айтышып, ошол эле учурда мамлекет башчысы Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын толук колдой тургандыгын белгилешти. Өз кезегинде УКМКнын башчысы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын 100 пайызга чечүү маселелерине, аскердик-техникалык потенциалды жогорулатуу, экономикалык өсүш жана башка өлкөдөгү болуп жаткан процесстердин негизги аспектилерине токтолду», — деп айтылат маалыматта.