Камчыбек Ташиев Таласта УКМК кызматкерлери менен чек арачыларга батир тапшырды (сүрөт)

Бүгүн, 21-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусундагы кызматкерлерине жана Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына кызматтык үйлөр берилди. Жаңы батирлердин ачкычын Камчыбек Ташиев тапшырды.

Беш кабаттан турган 35 батирдин 19у УКМК кызматкерлерине, ал эми 16сы чек ара кызматынын аскер кызматчыларына берилди. Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жаңы конуштуу болуусу менен куттуктап, аларга көрүлүп жаткан камкордук президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле жалпы өлкө боюнча, анын ичинде Талас облусунда УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттар түзүлүп, райондогу ар бир имарат жаңыланганын маалымдады. Аны менен катар төрага күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлык-акысы көтөрүлүп, алардын материалдык-техникалык базасы чыңалганын кошумчалады. Андыктан ар бир кызматкерди мекен коопсуздугу, элдин бейпил турмушу үчүн ак дилден кызмат өтөөгө чакырды.