Камчыбек Ташиев тарабынан дагы бир айылдын жолуна асфальт төшөлдү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол айылына узундугу бир чакырымга жеткен ички жолго асфальт төшөлдү. Бүгүн, 7-ноябрда айтылган жол жергиликтүүлөргө пайдаланууга берилди. Айыл эли чогулган ачылуу аземи Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өттү.

Жергиликтүү элдин кайрылуусу менен Камчыбек Ташиев өзүнүн жана бир туугандарынын демөөрчүлүгү астында айыл жолун кыска мөөнөттө толугу менен асфальттоо иштери жүргүзүлгөн. Айыл жашоочулары Ташиевдердин үй-бүлөсүнө жана жеке Камчыбек Ташиевдин өзүнө ыраазычылыгын билдирип, ак батасын беришти.