Камчыбек Ташиев Толик кыргыз деп таанылган блогерге жолукту

Бүгүн, 17-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алды.

Камчыбек Ташиев Толик кыргыз деп таанылган блогердин Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору баалаарын белгилеп, патриоттук духта блогердик ишмердигин улантылышы керектигин айтты. Көп улуттуу Кыргыз Республикасынын ар бир жараны кайсыл улуттун өкүлү экендигине карабастан Кыргызстанды чын дилден сүйүүгө, анын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам берүүсү керектигин, бул багытта блогер Анатолий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болоорун кошумчалады.

Камчыбек Ташиев блогерге белек катары камчы карматып, ак калпак кийгизди.

Анатолий Разгоняев Толик кыргыз аталышында ТикТок тиркемесинде кыргыз тилинде контент даярдайт.