Камчыбек Ташиев угуусу начар балдар үчүн жатак-мектебине барды (сүрөт)

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев угуусу начар жана укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебинин жалпы жамаатын жана окуучуларын Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын башчысы аталган мекеменин жалпы жамааты жана окуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук каалады. Андан соң УКМКнын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан жаңы жылдык белектер тапшырылды. Мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жакшы каалоо-тилектерин айтышып, жаңы жылдык программаны көрсөтүштү. Жолугушуунун аягында, аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

Угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебинин жетекчилиги, колдоо көрсөткөндү жана белектери үчүн Камчыбек Ташиевдин жеке өзүнө жана УКМКнын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.