Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлерине жаңы спорт комплексин тапшырды

Бүгүн, 9-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Атайын кызматтын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгына жаңыдан курулган спорт комплексинин ачылыш аземине катышты. Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМК башкармалыгынын өздүк курамы жана ардагерлери да күбө болушту.

Спорткомплекси заманбап спорт жабдыктары менен жабдылып, машыгуу жана ден соолуктуу чыңдоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар камсыздалган. Аземде сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев атайын кызматтын кызматкерлери ар дайым ыкчам даярдыкта болушу керектигин, ден соолукту чыңдоо жана спорт менен машыгуу күч тузүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн күнүмдүк зарыл талап экенин эскертти.