Камчыбек Ташиев УКМКнын «Альфа» атайын кызматына барды

Бүгүн, 23-февралда УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев УКМКнын «Альфа» атайын кызматында болуп, жалпы өздүк курамды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.
Иш сапарынын жүрүшүндө ал бөлүктүн карамагына жаңыдан алынган куралдар менен да таанышып, жабдыктарды жана куралдардын күжүрмөн даярдыгын текшерди. Мындан тышкары, өлкөнүн жана ведомстволордун жетекчилиги тарабынан бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.