Камчыбек Ташиев УКМКнын Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачты (сүрөт)

УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы салынган жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бүгүн, 2-ноябрда Чүй облусунун Кемин районунда УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Кемин районунун акими, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон эмеректер менен жабдылган. Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады.