Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлеринин арасындагы спорттук мелдештер башталды

УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көлдө бардык облустук башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен УКМКнын төрагасынын кубогуна командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды.

Быйылкы жылы коопсуздук органдарынын спорттук командалары волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана тогуз коргоол боюнча спорттун беш түрү менен күч сынашат.

Спартакиаданын салтанаттуу ачылышында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматкерлердин ыкчам жана кызматтык ишинин жогорку эффективдүүлүгүн камсыз кылуунун багыттарынын бири катары, спортту өнүктүрүүнүн жана аскер кызматкерлеринин дене тарбиясынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Камчыбек Ташиев ошондой эле УКМКнын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүрүп жатканын ылайыктуу тейлөө шарттарын түзүү үчүн нөлдөн баштап курулган жаңы объекттерди белгиледи. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата боло турган спартакияда үчүн атайын командалык спорттук оюндар боюнча универсалдуу спорттук аянтча курулгандыгын баса белгиленди.
«Кесиптик парзга берилгендик, кайраттуулук, чечкиндүүлүк жана өжөрлүк, Коопсуздук комитетинин мыкты салттарын сактоо жана өркүндөтүү коопсуздук органдарында кызмат кылгандардын баары үчүн өзгөрүүсүз калууда. Командалардын бирдиктүү оюндары жана спорттук мамилеси, жакшы жана достук мамилелерге негизделген адилеттүү оюн бүгүнкү иш-чаранын негизги принциптерине айланат деп ишенем. Сиздерге кызыктуу оюн, чыныгы атаандаштык, командалык дух, ийгилик, жеңиш каалайм!» — деди төрага.