Камчыбек Ташиев УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратын ачты

Бүгүн, 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмунө курулган жаңы имаратты пайдаланууга тапшырды. Ачылыш аземине УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы, атайын кызматтын ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, бир катар талаптарды эскертип өттү: «Бул жасалып жаткан шарттардын баары сиздердин так жана берилгендик менен кызмат кылууңар үчүн, өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактооңор үчүн түзүлүп жатат. Ушуга жараша эми сиздер тараптан дагы жыйынтык болушу керек. Эч кандай мыйзамсыздыктарга барбашыңар керек жана башкаларды дагы мыйзамды бузушуна жол бербешиңиздер керек. Менин жакындарым болобу, үй-бүлөм мүчөлөрү болобу, эч кимиси менен сиздер телефон аркылуу дагы байланышып, же жолугушуп, алардын айтканын аткарып, аларга кызмат кылбашыңар керек. Эгер ушундай нерсени билип калсам, дароо кызматтык иликтөө кылып, жазаңарды беремин. Эгер менин жакындарым мыйзамды бузса, алар дагы жоопкерчилик тартат жана эч кимди аяп отурбайм», — деди.
Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптар камсыз кылынган.