Камчыбек Ташиев: «Улуттар аралык ынтымакты бузам дегендер катуу жазаланат»

Кечээ, 27-январда Сузак айыл өкмөтүнүн күйүп кеткен имараты калыбына келтирилип, пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

«Биздин мамлекетибиз көп улуттуу мамлекет болгондон кийин улуттар арасындагы ынтымак керек. Кимдир бирөө улуттар аралык ынтымакты бузам деген болсо, катуу жазаланат. 2010-жылдагы болгон окуялар эч жерде кайталанбайт. Жол бербейбиз. Өзбек менен кыргыз дайыма жакшы жашашы керек. Биздин милдет ошол. Улут болуп, жердеш болуп бөлүнбөшүбүз керек», — деди УКМКнын төрагасы.