Камчыбек Ташиев: «Ворух анклавына барган жолдун макамы каралат»

«Ворух анклавына барган жолдун макамы каралат». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын 1-майында кабыл алынган 39-протоколдун негизинде иш жүрөт. «Ачыгын айтып коюш керек, Ворух анклавына барган жолдун мамлекеттик статусун аныктоо жана ошол боюнча чараларды кабыл алышыбыз керек болду», — деди УКМКнын төрагасы.

Өткөн жылы Министрлер кабинети чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялаган. Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курат, Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонуп, абалын карап туруу милдетин алат. Ошол убакта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок. Тажик жарандарынын каттоосу үчүн Баткен району аркылуу өтө турган автожол колдонулат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат» деген эле.