УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев классташы Абдукарим Пулатовго жаңы үй куруп берген.
Айчүрөк Борукеева Абдукарим Пулатов боюнча маалымат жарыялап, анын Камчыбек Ташиев менен Ош шаарындагы В.Терешкова мектеп-интернатында бирге окуганын жазды.
«Мезгил сынагынан өткөн достук. Ош шаарындагы В.Терешкова мектеп-интернатында бирге окуп, Камчыбек мырзага жакшы достордон болгон бул азамат Ооган согушунун ардагери, 9 баланын атасы, 1-топтогу майыптыгы бар. Мекенчил, эмгекчил, чынчыл жана абдан адилеттүү, түз жүрүп, түз сүйлөгөн кыйын жигит болгон дешет. Тээ 80-жылдары окуучулук кезинде эле ак калпагын башынан түшүрбөй, шаңкайтып кийип жүрчү экен. Акыркы 3,5 жыл аралыгында ооруп, үйүн сел каптап, балдары менен ным тарткан үйдө жашоого аргасыз болгонун угуп досу минтип достуктун шартын жасады. Достун досу кыйын күндө билинет»,- деп жазылат маалыматта.