Камчыбек Ташиевден той ысырапкорчулугун токтотууга жардам берүүсүн суранышты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден той ысырапкорчулугун токтотууга жардам берүүсүн суранышты.

«Кыргызды кыргыздын тою бөлмөк болду. Биздин убактыбызды, акчабызды да алып жатат. Кээ бир жерлерде төбөсү көккө жеткендердин тою үйдө эле болуп жатат. Эл деле тажап бүттү», — деди. Ташиев «мен катуу киришишим керек экен да ээ» деп жанындагыларды күлдүрдү.