Камчыбек Ташиевдин иниси спортчуларды сыйлады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев Барпы айылында спортчуларды сыйлады. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына жазды.

«1-октябрь күнү Шаирбек Ташиев «Тай-Мурас» спорт комплексинин спортсмендерин сыйлоо аземин өткөрдү. Өткөн аптада комплекстин 5 спортчусу спорттун бокс, алыш, эрежесиз эр уруш турлөрүнөн дүйнөлүк жана республикалык деңгээлдеги мелдештерде жеңишке жетишип келишкен. Шаирбек Ташиев тарабынан спортчуларга, машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды», — деп жазылат билдирүүдө.

Сыйлоо аземине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев да катышты.