Камчыбек Ташиевдин өз каражатынан дагы 1,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол айылында кечээ, 7-ноябрда дагы бир ички жолго асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бир жарым чакырым аралыкты түзгөн айыл жолуна асфальт төшөө жумуштары толугу менен Камчыбек Ташиевдин жана анын үй бүлөсүнүн жеке каражатына аткарылды. Жолду ачуу аземине УКМКнын төрагасы жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул жол айылдыктар үчүн пайдаланууга берилген экинчи жаңыланган жол болуп калды. Буга чейин Комсомол айылындагы бир чакырым жолго Камчыбек Ташиевдин демөөрчүлүгү менен асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген болчу.