Камчыбек Ташиевдин уулу өзү жашаган батирди жалгыз бой энеге белек кылды (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиев өзү жашаган батирди жалгыз бой энеге белек кылды. Бул тууралуу «Регион» маалым кылды.

Маалыматка караганда, ал батирин 4 балалуу эне Тахмина Ашимовага берген. Ашимова 4 баласын жалгыз тарбиялап келе жаткан эне. «Мен уулу болом деп эле алып келди. Бүгүнтөн баштап силердин үйүңөр деди. Мен түшүм го деп ойлодум. Жууркан-төшөк, бардык эмеректери менен экен», — деди ал.