Камчыбек Ташиевге ырдап берген чек арачынын видеосу

Баткенде «Максат» чек ара заставасы ачылган. Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

«28-майда Камчыбек Ташиев «Максат» чек ара заставасын ачылыш аземине катышып, имараттын жана бөлүктөрдүн абалы менен таанышып чыкты. Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фельдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары, мончо сыяктуу эң зарыл болгон шарттар камсыздалган. Алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн абалы эске алынып, кызматтык үйлөр да камсыздалган, балдар үчүн ойноочу аянтчасы да бар. Камчыбек Ташиев чек ара кызматынын өкүлдөрү жана жоокерлер менен бирге тамактанып, жакындан баарлашты», — деп жазылган маалыматта.

Бүгүн, 30-майда социалдык тармактарда чек арачынын УКМКнын төрагасына «Сен барда» ырын ырдап берип жаткан видео тарады.