«Камкор мамиле кылууга чакырам». Садыр Жапаров балдарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Кайсы гана өлкөнү албайлы, кайсы гана элди албайлы, бала – бул бакыт, бала – бул жашоо маңызы деп айтылып, балага мээрим төгүү жана кам көрүү баарынан жогору бааланат. Мамлекеттин социалдык саясатында дагы эң маанилүү, артыкчылык берилген багыттарынын бири катары каралат.

Биздин Баш мыйзамыбызда балдар Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы деп белгиленип, мамлекетибиз балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө жана ден соолугу чың болуп жетилишине өбөлгө болуучу шарттарды түзүү аркылуу аларды мекенчилдикке, атуулдукка тарбиялоо милдетин өзүнө алган.

Кылымдарды карыткан кыргыз элибизде балдарга кам көрүүгө эзелтеден өзгөчө маани берилип, “Тегиңди сактайм десең уул тарбияла, улутуңду сактайм десең кыз тарбияла” деген накыл сөздө туюнтулгандай, төрөлгөндө бешик ыры менен, эс тартканы мекенчилдикке, баатырдыкка үндөгөн ар кандай аңгеме-жомок, макал-лакап, накыл кептер менен таалим-тарбияга сугарып келишкен.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан балдардын ден соолугуна кам көрүүгө, социалдык жактан коргоого, ата-бабаларыбыздан калган рухий баалуулуктардын таасиринде тарбиялоого, заманбап билим берүүгө болгон аракеттер көрүлүп жатат. Себеби, ар бир үй-бүлөнүн да, өлкөбүздүн да ийгилиги менен жетишкендиги таалим-тарбия көргөн, сапаттуу билим алган, ден соолугу чың балдардын колунда экенин жакшы билебиз. Ошону менен бирге, бардык ата-энелерди балдарга мээрим төгүп, камкор мамиле кылууга чакырам”.