Камырды үбөлүксүз жайган өзгөндүк келин: «Кайын журтум мени колдойт»

Камырды үбөлүгү жок, колдун гана жардамы менен жупжука кылып жая алган Таңсулуу аттуу өзгөндүк келин интернетте популярдуу. Ал бул ыкманы Орусияда иштеп жүрүп өздөштүргөнүн айтат. Бул ирет биз студиябызга дал ошол Таңсулуу Ботобаеваны жолдошу менен чакырдык. Кызыгы, каарманыбыздын жолдошу да камырды дал ошол ыкма менен жая алат. Жубайлар камыр жаюунун сырлары менен бөлүштү.

«Кайын журтум мени колдойт. Кайненем мени видеого тартчу. Анткени жолдошум жумушта болуп калат, а менин камыр жайып жатканымды бирөө тартышы керек болот да», — дейт келин.

«Таңсулууну Орусиядан көргөм. Биринчи байкаган жокмун. Анан көзүм түшүп баштады. Чогуу иштеп калдык. Мен да камыр жайганды билем», — деди жолдошу.