«Кан чыгарбагыла, боорсок да жасабагыла». Садыр Жапаров мүрзөлөргө эстелик тургузбоого чакырды

Президент Садыр Жапаров “Ала-Тоо 24кө” берген маегинде өлкөдө түз жер 6 пайыз экенин, сөөк коюлган жерлер кийин иштетилиши керектигин айтты. Анда өлкө башчысы уулу Дастандын мүрзөсүнө да эстелик коюлбаганын көрсөткөн.

“Мен жыгачка эле аты-жөнүн жазып койгом, ал күнгө күйүп кеткен экен, жаңыртып койдук. Сөөгүн коёрдо туугандар “3 бодо мал даярдап койдук, жетеби?” деп сурашты. Телефондон “Тоок да сойбойсуңар. Мен той берген жокмун, аза күтүп жатам. Кан чыгарбагыла, боорсок да жасабагыла“ дедим. 5 миңден ашык киши келди, эч ким сөз кылган жок”, — деди президент.